Башкы бетке Рубрикасы жок Астанада ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларын тосуп алуу аземи өттү

Астанада ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларын тосуп алуу аземи өттү

0
1405

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларын тосуп алуу аземине катышты.

ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлеринин кезектеги жыйыны Казакстандын Астана шаарында өтүүдө.

Эгемендүүлүк сарайында саммиттин катышуучуларын Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.

Саламдашуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин өлкө лидерлери сүйлөшүүлөр залына өтүштү.

Иш-чарага Казакстан, Индия, Иран, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Беларусь, Монголия, Азербайжан, Катар, Түркия ж. б. мамлекет жана өкмөт башчылары катышууда.

Мурунку макалаЭмгек министрлиги: «8,6 миңге жакын үй-бүлө 100 миң сом алууга арыз берди»
Кийинки макалаКөлбаевдин жакын тууганына катталган 21,3 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз