Башкы бетке Илим Оор атлетчи дүйнө кубогунда коло медаль тагынды

Оор атлетчи дүйнө кубогунда коло медаль тагынды

0
1670

Кыргызстандын оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Бекдөөлөт Расулбеков Таиланддагы дүйнө кубогунда кичи коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. 

8-апрель күнү 102 кг чейинки салмакта мелдештер болуп, ага жалпы 42 спортчу катышкан.

Бекдөөлөт Расулбеков “В” тобунда ат салышып, “түртүп көтөрүүдө” – 165 кг, “жулкуп көтөрүүдө” – 220 кг багындырды. Жыйынтыгында 172 кг көтөрүп, кичи коло байгенин ээси болду.

Эске салсак, Парижде өтө турчу Олимпиада-2024 оюндарынынын алдында оор атлетика боюнча жыйынтыктоочу “Дүйнө Кубогу” аталышындагы лицензиялык турнир Таиланддын Пхукет шаарында өтүүдө. 31-мартта башталган мелдештер 11-апрелде жыйынтыкталат.

Мурунку макала“Бейиш эненин таманында” тасмасы эми Россияда көрсөтүлөт
Кийинки макалаКазакстандын премьер-министри иш сапары менен келди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз