Башкы бетке Министрлер кабинети Көлбаевдин жакын тууганына катталган 21,3 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Көлбаевдин жакын тууганына катталган 21,3 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

0
1378

Чолпон-Атада Камчы Көлбаевдин жакын тууганына катталган 1 гектар жер мамлекетке алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, К.Асанбек 2023-жылы мыйзамсыз кирешелерди легалдаштыруу максатында Чолпон-Атадагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын 1 гектар аянттагы жер тилкесин жеке менчикке алып, аны У.А.К. аттуу жакын тууганынын атына каттагандыгы аныкталган.

Мындан улам УКМК тарабынан көрүлгөн тийиштүү чаралардын натыйжасында сметалык баасы 21 млн. 315 миң сомду түзгөн аталган жер тилкеси КР министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине өткөрүлүп берилди.

 

Мурунку макалаАстанада ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларын тосуп алуу аземи өттү
Кийинки макалаАстанада ШКУ саммити башталды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз