Башкы бетке Рубрикасы жок Садыр Жапаров жана Анвар Ибрагим “Ала-Арчадагы” этномаданий программа менен таанышты

Садыр Жапаров жана Анвар Ибрагим “Ала-Арчадагы” этномаданий программа менен таанышты

0
1861

Президент Садыр Жапаров жана Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим бүгүн, 16-майда, “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында уюштурулган этномаданий программа менен таанышты.

Өлкө лидерлери көчмөн элдин өзгөчөлүгү чагылдырылган боз үйлөрдүн инсталляциялары, кыргыз элинин улуттук каада-салттары жана маданияты, кол өнөрчүлөрдүн устаканаларда уникалдуу буюм-тайым жасап жаткандары менен таанышты, ошондой эле жогорку даражалуу коноктор жергиликтүү тамак-аштардан даам татышты.

Этномаданий программанын алкагында Ч.Исабаев атындагы «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблинин жана Н.Тугелов атындагы мамлекеттик “Ак марал” бий ансамблинин аткаруусунда концерт тартууланды.

 

Мурунку макала«Мыкты мектеп. Мектепти финдердей башкаралы» китебинин автору Кыргызстанга келди
Кийинки макалаСургут шаардык китепканасына Ч.Айтматовдун ысымы ыйгарылды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз