Башкы бетке Рубрикасы жок «Мыкты мектеп. Мектепти финдердей башкаралы» китебинин автору Кыргызстанга келди

«Мыкты мектеп. Мектепти финдердей башкаралы» китебинин автору Кыргызстанга келди

0
2049

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Мыкты мектеп. Мектепти финдердей башкаралы» китебинин автору билим берүү боюнча алдыңкы эл аралык консультант Ари Покканы кабыл алды.

Ари Покка Кыргызстанга «Бугупресс» басма үйү кыргызчалаган «Мыкты мектеп. Мектепти финдердей башкаралы» китебинин бет ачарына катышуу үчүн келген.

Жолугушууда билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер, системаны реформалоо жана балдарды тарбиялоого жаңы ыкмаларды киргизүү маселелери талкууланды.

Акылбек Жапаров мектептерде билим берүүнү трансформациялоо боюнча «Алтын Казык» программасы тууралуу айтып берди. Ал «Мыкты мектеп. Мектепти финдердей башкаралы» деген аталыштагы басылып чыгарылган китеп мектеп жетекчилерине жана мугалимдерине жакшы таасирин тийгизеринен үмүт кыларын кошумчалады.

“Мыкты мектеп. Мектепти финдердей башкаралы” китебинин бет ачары 16-майда, саат 10:00 до (катталуу 09:30 башталат) Бишкек шаарындагы “Орион” мейманканасында өтөт. Кирүү акысыз.

Мурунку макалаТыюу салынган эл аралык террордук уюмдун согушкери кармалды
Кийинки макалаСадыр Жапаров жана Анвар Ибрагим “Ала-Арчадагы” этномаданий программа менен таанышты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз