Башкы бетке Коом Сургут шаардык китепканасына Ч.Айтматовдун ысымы ыйгарылды

Сургут шаардык китепканасына Ч.Айтматовдун ысымы ыйгарылды

0
1924

Сургут шаардык китепканасына Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, элчиликтин Сургут шаарындагы Канцеляриясынын демилгеси боюнча Сургут шаарынын администрациясынын 2024-жылдын 27-мартында буйругу менен №11 шаардык китепканага Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун ысымын ыйгаруу чечими кабыл алынды.

Белгиленгендей, китепканада улуу жазуучуга арналган мемориалдык жай уюштурулуп, анын чыгармаларынын өзүнчө жыйнагы түзүлөт.

Мурунку макалаСадыр Жапаров жана Анвар Ибрагим “Ала-Арчадагы” этномаданий программа менен таанышты
Кийинки макалаАкылбек Жапаров район акимдерин кабыл алды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз