Башкы бетке Рубрикасы жок Кыргызстанда мектеп босогосун 150 миңге жакын окуучу аттады

Кыргызстанда мектеп босогосун 150 миңге жакын окуучу аттады

0
512

Бүгүн Кыргызстанда мектеп босогосун 150 миңге жакын окуучу аттады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

2024-2025-окуу жылынын башталышында жалпы билим берүүчү мекемелердин 1-4-класстарына биринчи сабак “Билим – бул күч” темасында өтүлөт.

Сабак Кыргызстандын түптөлүшүнө жана билим берүүгө чоң салым кошкон улуу инсандар, билимдин маанилүүлүгү жөнүндө маалымат берүү максатын көздөйт.

Ал эми 5-11-класстын окуучуларына биринчи сабак “Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” темасында өткөрүлөт.

Анда Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн түптөөдө Кыргыз автономиялуу облусун түзүлгөндүгүнүн мааниси түшүндүрүлүп, азыркы мамлекеттүүлүктү түптөгөн аталар жөнүндө маалымат берилет.

Мурунку макалаАла-Тоо аянтында 3 күн бою “Күз кайрыктары” аттуу музыкалык кече өтөт
Кийинки макалаЫсык-Көл облусунун аймагында сел жүрүшү мүмкүн

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз