Башкы бетке Коом Кыргызстандан Россияга сүт жана балык азыктарын ташууга киргизилген чектөөлөр алынды

Кыргызстандан Россияга сүт жана балык азыктарын ташууга киргизилген чектөөлөр алынды

0
770

Кыргызстандан Россияга сүт жана балык азыктарын ташууга киргизилген чектөөлөр алынды. Бул тууралуу айыл чарба министринин орун басары Самат Насирдинов  билдирди.

Анын айтымында, эки тараптуу ведомстволор аралык сүйлөшүүлөрдүн негизинде былтыр коюлган чектөөлөр жоюлду.

“Бир ай мурда Ветеринардык кызматы, Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Чектөөлөр алынып салынды. Бирок мурдагыдай эле көзөмөлдөө иштери күчөтүлөт. Биздин ишкерлер коюлган белгилүү бир талаптарды бузбай, техникалык регламентке ылайык иш алып баруулары керек”, – деди ал.

Белгилей кетсек, Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы 2023-жылдын башында Кыргызстандан балык азыктарын, 21-апрелден тарта сүт азыктарын Россияга ташууга тыюу салган.

Мурунку макалаОштогу сел каптоо боюнча 4 экс-чиновник камалды
Кийинки макалаӨлкөдө Meken бренди ата мекендик ноутбуктар чогултула баштады

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз