Башкы бетке Коом Депутаттар Tik-Tok сервисине коюлган бөгөттү алып салууну сунуштоодо

Депутаттар Tik-Tok сервисине коюлган бөгөттү алып салууну сунуштоодо

0
14

Жогорку Кеңештин бүгүн, 23-январдагы жалпы жыйынында депутаттар TikTok кызматын бөгөттөн чыгарып, платформанын жетекчилиги менен кызматташууну суранышты.

Депутат Марлен Маматалиев аталган сервис жабылганы менен жаш балдарга чейин тиркемени VPN аркылуу колдонуп жатканын айтып, мындан пайда жок экенин белгиледи.

“Азыр Tik-Tok соцтармагынын Орто Азиядагы директору кыргыз бала болуптур. Ал Кыргызстанга келип бул жактан өкүлчүлүк ачып берейин, укук коргоо органдары менен чогуу иштейли, алардан маалымат түшсө заматта баракчаларды жаап турам деп айтыптыр. Биз болсо сервисти жаптык дегенибиз менен азыр баары, өзгөчө окуучулар активдүү колдонуп жатышат. Ошондуктан тиешелүү министрлик сервистин жетекчилиги менен таанышып, Кыргызстанда өкүлчүлүгүн ачсак”, — деди Маматалиев.

Дастан Бекешев кесиптешин колдоп, Tik-Tok учурда жарнама аркылуу туризмди өнүктүрүүгө да жардам берерин кошумчалады.

“Өкмөткө бул тууралуу дагы ойлонуп, бөгөттү алып салууну сунушутайм”, — деди Бекешев.

Мурунку макалаЖол кырсыгына көп кабыл болгон автобустардын айдоочуларына чара көрүлө баштады
Кийинки макалаБалыкчыда катуу шамалдын айынан ооруканада жаткан аял менен наристе жабыркады

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз