Башкы бетке Илим Эрлан Шеровго 2 бөлмөлүү батир берилет

Эрлан Шеровго 2 бөлмөлүү батир берилет

0
459

Мэрия дзюдочу Эрлан Шеровго Тунгучтан 2 бөлмөлүү батир берет.

Мэриянын тиешелүү долбоору бүгүн Бишкек шаардык кеңешинде жактырылды. Депутаттар мэриянын “Азия оюндарынын чемпионуна муниципалдык турак жайды акысыз берүү жөнүндө” сунушун талкуусуз колдошкон.

Шеровго батир Туңгуч кичи районунан менчиктештирүү жолу менен ыйгарылат.
Эрлан Шеров 2023-жылкы Азия оюндарынын чемпиону.

2018-жылы Эл аралык дзюдо федерациясынын версиясы боюнча дүйнөдөгү эң күчтүү дзюдочулардын рейтингинде биринчи орунду ээлеген. Мындай көрсөткүч Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болгон.
Ал Париж Олимпиадасына да лицензия алып, катышып келди.

Мурунку макалаСузакта 3 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлдү
Кийинки макалаЫсык-Көлдө селден жабыркагандарга гуманитардык жардам жеткирилди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз