Башкы бетке Коом Согуш ардагерлерине 9-Майга карата жөлөк пул берилет

Согуш ардагерлерине 9-Майга карата жөлөк пул берилет

0
1753
Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары менен ардагерлери 9-майга карата кандай төлөмдөрдү ала турганын маалымдады.
Ведомстводон билдиришкендей, бюджеттен 9 миллион 934,5 миң сом каралган. Каражат төмөнкү категорияга киргендерге берилет:

Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына (5 адам) — ар бирине 20,6 миң сомдон;

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына (23 адам) — ар бирине 20,4 миң сомдон;

концлагерлердин мурдагы жашы жете элек туткундарына (8 адам) — ар бирине 20,4 миң сомдон;

Ленинградды коргогондугу үчүн медалы жана Курчоодогу Ленинграддын тургуну төш белгиси менен сыйланган адамдарга (11 адам) — 20,4 миң сомдон;

Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгон жоокерлердин ата-энелерине жана никеге турбаган жесирлерине (1 адам) — 15,2 миң сом;

Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында тылдагы жан аябаган эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдарга (589 адам) — 15,1 миң сомдон.

Жалпысынан 637 адам бир жолку жөлөк пул алат.
Мурунку макалаТергөөчүнү сабаган үч шектүү кармалды
Кийинки макалаБюрого түшкөн “Бир болгон окуя”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз