Башкы бетке Министрлер кабинети Тергөөчүнү сабаган үч шектүү кармалды

Тергөөчүнү сабаган үч шектүү кармалды

0
1256

Кантта милиция кызматкерин сабоого шек саналган жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-апрелде болжол менен саат 4.00дө Кант шаарындагы «Маркет-24» дүкөнүнүн жанында 30-35 жаштагы  адамдар Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү К.Р.ны себепсиз ур-токмокко алышкан. Ал Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүнө жаагы сынып, жаткырылган.

Милиция кызматкерлери шектүү адамдардын өздүгүн аныктады, алар 1989-жылы төрөлгөн Д.А., 1991-жылы төрөлгөн И. Т., 1989-жылы төрөлгөн Э. У. аттуу жарандар болуп чыкты. Шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

Мурунку макалаАкылбек Жапаров USAID`дин администратору Саманта Пауэр менен жолугушту
Кийинки макалаСогуш ардагерлерине 9-Майга карата жөлөк пул берилет

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз