Башкы бетке Коом Айыл чарба министрлиги 85,6 млн. сомго чөп үрөнүн сатып алат

Айыл чарба министрлиги 85,6 млн. сомго чөп үрөнүн сатып алат

0
1378

Кыргызстанда 2024-жылы республика боюнча 30 миң гектар аянтка 296 миң 72 кг жайыт чөптөрүнүн үрөнүн себүү пландалууда.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти 85 млн. 643 миң 683 сомго жайыт чөптөрүнүн үрөнүн сатып алууга сынак жарыялады.

Жайыт чөптөрүнүн үрөнүн сатып алуу жайыттардын абалын, түшүмдүүлүгүн жана жайыт жерлердин асылдуулугун жакшыртуу максатын көздөйт.

Белгиленгендей, сынакка катышууну каалагандар Мамлекеттик сатып алуулар порталынан шилтемеси аркылуу кирип, тиешелүү сунуштарын беришсе болот.

Мурунку макалаИталия Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар
Кийинки макалаФинансы министрлиги: Дээрлик 10 миң ишкерге пайызсыз насыя берилди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз