Башкы бетке Коом Финансы министрлиги: Дээрлик 10 миң ишкерге пайызсыз насыя берилди

Финансы министрлиги: Дээрлик 10 миң ишкерге пайызсыз насыя берилди

0
1434

«Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо» долбоорунун алкагында 9 миң 715 ишкерге 6 млрд. 671 млн. 898 миң 917 сомго пайызсыз насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ишкерлерге насыялар 2 категория боюнча берилген. Биринчи категориядагылар 1 млн. сомго чейин, экинчи категориядагылар 3 млн. сомго чейин алган.

— 1-категория: 8 миң 478 ишкерге 4 млрд. 816 млн. 019 миң 917 сом;
— 2-категория: 1214 ишкерге 1 млрд. 855 млн. 879 миң сом берилген.

Министрликтен белгилешкендей, аталган долбоор Кыргызстандын аймагында 2027-жылдын июль айына чейин ишке ашырылат.

Мурунку макалаАйыл чарба министрлиги 85,6 млн. сомго чөп үрөнүн сатып алат
Кийинки макалаБыйыл Кыргызстанда 73 миңден ашык окуучу мектепти аяктайт

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз