Башкы бетке Коом Кылым карыткан “Кыргыз Туусу” – Парижде

Кылым карыткан “Кыргыз Туусу” – Парижде

0
397

Улуттук алгачкы басылма, алгачкы саны чыккандан бери быйыл 100  жыл болгону турган “Кыргыз Туусу” басылмасы өлкөбүздүн бардык ийгиликтери менен жетишкендиктерин окурмандар арасында даңазалап келет. Болуп өткөн Париж олимпиадасында да спортчуларыбыздын ар бир жеңишин даңазалап, ар бир жеңилиши үчүн кошо кейип, алардын кубанычтары менен өкүнүчтөрүн окурмандарга – элибизге жеткирип турду.

Азыр да Паралимпиада оюндарына катышып жаткан спортчуларыбызды кубаттап жатабыз. Кыргызстандын курама командасындагылар биздин бул эмгегибизге баа беришип, өздөрү менен кошо Парижге гезитибиздин сандарын кошо ала кетишкен.

Учурда улуттук алгачкы гезит спортчуларыбыз жана алардын машыктыруучулары менен кошо Парижде Олимпиадага “катышып” жатат.

Спортчуларыбызга ийгиликтерди каалайбыз!

Мурунку макалаXVII жайкы Паралимпиада оюндарынын оту жанды
Кийинки макалаЖалган маалымат таратуу сөз эркиндиги эмес. Президент “Клооп Медианын” жабылышы тууралуу пикирин билдирди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз