28-августта XVII жайкы Паралимпиада оюндарынын ачылыш аземи болуп өттү.
Паралимпиаданын ачылыш салтанаты жайкы Олимпиада оюндарындай стадиондо болбой, параспортчулар Елисей талаалары бульварын бойлой басып өтүштү. Муну менен Франциянын маданий жана тарыхый мурастарына басым жасоого маани берилди. 65 миңдей көрүүчү катышуучуларды салтанаттуу түрдө тосуп алышып, ыр-күү, шоу программанын коштоосунда Паралимпиаданын оту жандырылды.
Оюндар 8-сентябрга чейин өтөт. Мелдешке 182 өлкөдөн 4400 спортчу катышат. Анда спорттун 22 түрү боюнча беттештер болуп, жалпысынан 549 медаль топтомдору ойнотулмакчы.
Ага Кыргызстандан төрт спортчу: Гүлназ Жүзбаева (жеңил атлетика), Айтунук Жоомарт кызы (триатлон), Маматибраим Суранов (дзюдо), Миргүл Болоталиева (пауэрлифтинг) өлкө намысын коргошот.
Жеңил атлетика боюнча Гүлназ Жүзбаева 1-сентябрда Бишкек убактысы боюнча 14:10до 1500 метр аралыктагы жарышка катышат, аны жетектөөчү Юлия Фурнас коштоп чуркайт.
Азиянын эки жолку чемпиону, триатлончу Айтунук Жоомарт кызы 2-сентябрда Бишкек убактысы боюнча 14:10до жарышка чыгат.
Гүлназ менен Айтунуктун машыктыруучусу — спорттун заманбап беш түрү боюнча Азия оюндарынын күмүш байге ээси, Азиянын көп жолку чемпиону, дүйнө кубогунун жеңүүчүсү Андрей Ханадеев.
Парадзюдочу Маматибраим Суранов 73 кг салмакта 6-сентябрда Бишкек убактысы боюнча 14:00дө татамиге чыгат. Ал азиздер арасында дзюдо боюнча өлкө намысын коргойт.
Чоюн билек балбан кыз Миргүл Болоталиева пара-пауэрлифтинг, тактап айтканда, штанга көтөрүү боюнча 8-сентябрда Бишкек убактысы боюнча 14:35те күч сынашат. Ал Кыргызстандагы пара-пауэрлифтинг боюнча жалгыз спортчу.


