Башкы бетке Коом Сосновка жана Кара-Көл постторуна накталай эмес төлөм киргизилет

Сосновка жана Кара-Көл постторуна накталай эмес төлөм киргизилет

0
1220

Сосновка жана Кара-Көл постторунда унаалардын өтүүсү үчүн төлөмдөрдү QR-код аркылуу накталай эмес түрдө төлөөнү киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Күн мурун министр Тилек Текебаев Сосновка өткөрмө постуна барып, тесттик режимде ишке киргизилип жаткан накталай эмес төлөм системасы менен таанышты.

Калкка кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу, адам факторун жокко чыгаруу, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо максатында киргизилип, сыналып жаткан программа тууралуу толук маалымат алган министр иш жүзүндө пайда болгон айрым майда кемчиликтерди жоюу менен элдин ыңгайлуулугу үчүн тез арада киргизүү тапшырмасын берди.

 

Мурунку макалаОш облусунда селдин кесепеттерин жоюу иштери кызуу жүрүүдө
Кийинки макалаМелис Тургунбаев Душанбеде Эл аралык валюта фондунун отурумдарына катышууда

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз