Башкы бетке Экономика Мелис Тургунбаев Душанбеде Эл аралык валюта фондунун отурумдарына катышууда

Мелис Тургунбаев Душанбеде Эл аралык валюта фондунун отурумдарына катышууда

0
682

Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев 1-3-июль аралыгында Тажикстандын Душанбе шаарында өтүп жаткан Эл аралык валюта фондунда Швейцария добуш берүү тобунун жана Дүйнөлүк банк тобунун отурума катышып жатат.

Улуттук банктан билдиришкендей, Тургунбаев Швейцария тобунун отурумуна катышуунун алкагында дүйнөлүк экономиканы өнүктүрүү жана глобалдуу инфляция тенденциялары, ошондой эле Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөр, анын ичинде ЭВФтин Швейцария тобуна кирген өлкөлөрдүн борбордук банктары менен мындан ары да кызматташуу жана өз ара иш алып баруунун келечеги сыяктуу актуалдуу маселелерди талкуулоо боюнча бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Ошондой эле ал Швейцария Улуттук банкынын башкармалыгынын төрагасы Томас Йордан менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анын жүрүшүндө тараптар көп жылдан берки кызматташуу натыйжаларын талкуулашып, мындан ары да Кыргызстан менен Швейцариянын Улуттук банктарынын ортосунда өз ара иш алып барууга даяр экендигин билдиришти.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасы 1992-жылдан бери ЭВФтин, ал эми 1993-жылдан бери ЭВФтин Швейцария добуш берүү тобунун мүчөсү болуп саналат. Бул топко Азербайжан, Кыргызстан, Польша, Казакстан, Сербия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Швейцария кирет.

Мурунку макалаСосновка жана Кара-Көл постторуна накталай эмес төлөм киргизилет
Кийинки макалаБишкекте медициналык академиянын Тестирлөө жана клиникалык көндүмдөр борбору ачылды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз