Башкы бетке Коом Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн

Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн

0
1853

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

15-16-апрелинде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

ӨКМ селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү таштандылардан тазалоону сунуштайт.

Мурунку макалаЖети жаштагы баланы сабаган жаран үй камагына чыкты
Кийинки макалаАкылбек Жапаров жетектеген делегация Вашингтонго барды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз