Башкы бетке Министрлер кабинети Жети жаштагы баланы сабаган жаран үй камагына чыкты

Жети жаштагы баланы сабаган жаран үй камагына чыкты

0
1411

Жети жаштагы окуучуну сабоого шек саналган жаран үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук соту билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, сотко Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү шектүүгө карата үй камагына чыгаруу бөгөт чарасын тандоо өтүнүчү менен кайрылган.

Тергөөчү К.Д.В. анча оор эмес кылмышка шек саналып жатканын, өздүгү, туруктуу жашаган жери документалдуу түрдө аныкталганын айтып, аны үй камагына чыгарууну өтүнгөн.

Тергөөчүнүн өтүнүчү канааттандырылып, К.Д.В. 13-июнга чейин үй камагына чыгарылды.

Эскерте кетсек, буга чейин милиция 2016-жылы төрөлгөн бала сабалганын билдирген. Шектүү билим берүү мекемелеринин биринин имаратында окуучуга эч себепсиз кол көтөргөн.

Мурунку макалаКыргызстанда 2024 мотосезонунун ачылышы “Айкөл Манас! Күч бирдикте” урааны астында өтөт
Кийинки макалаНөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз