Башкы бетке Коом Кыргызстанда 2024 мотосезонунун ачылышы “Айкөл Манас! Күч бирдикте” урааны астында өтөт

Кыргызстанда 2024 мотосезонунун ачылышы “Айкөл Манас! Күч бирдикте” урааны астында өтөт

0
1835

Бишкекте 300 байкер заманбап аранжировкадагы Манас айтуунун коштоосунда шаар кыдырат.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2024 мотосезонунун ачылышы “Айкөл Манас! Күч бирдикте” урааны астында өтөт.

“Ала-Тоо” борбордук аянтында “Билим Айтыш” долбоорунун жаш манасчылары Манастан баян айтып, салтанатты ачып берет.

Кызыктуу этно оюндар, мелдештер уюштурулуп, кыргыздын темир тулпарчан көк жалдары каалоочуларды тулпарларында ойнотот.

Иш-чара 27-апрелде борбордук «Ала-Тоо» аянтында саат 15.00дөн 16.30га чейин болуп өтөт.

Ал эми 2 чакырымга созулган мотожүрүш Аалы Токомбаев көчөсү, Абсамат Масалиев проспектиси (Жүрүш Түштүк магистраль), Чыңгыз Айтматов, Манас, Чүй проспектилери жана 7-Апрель көчөсүнөн өтөт.

Мурунку макалаКыргызстан Иран менен Израилди аскердик аракеттерден баш тартууга чакырды
Кийинки макалаЖети жаштагы баланы сабаган жаран үй камагына чыкты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз