Башкы бетке Коом Кыргызстан Иран менен Израилди аскердик аракеттерден баш тартууга чакырды

Кыргызстан Иран менен Израилди аскердик аракеттерден баш тартууга чакырды

0
1827

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Иран менен Израилдин ортосундагы чыр-чатактын курчушуна кооптонуусун билдирет. Бул тууралуу мекеменин билдирүүсүндө айтылат.

Анда белгиленгендей, Кыргызстан тараптарды бүткүл Жакынкы Чыгышта кырдаалды туруксуздаштырууга алып келиши мүмкүн болгон мындан аркы аскердик аракеттерден баш тартууга чакырат.

«Кыргыз Республикасы тараптарды чыр-чатакты эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына, биринчи кезекте БУУнун Уставына ылайык тынчтык жолу менен чечүүгө дагы бир жолу чакырат», — деп билдирди ТИМ.

 

Мурунку макалаПрезидент кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жаңы имаратын ачты
Кийинки макалаКыргызстанда 2024 мотосезонунун ачылышы “Айкөл Манас! Күч бирдикте” урааны астында өтөт

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз