Башкы бетке Рубрикасы жок Президент кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жаңы имаратын ачты

Президент кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жаңы имаратын ачты

0
1517
Президент Садыр Жапаров эки күн мурун, 12-апрелде, Жалал-Абад шаарында Р.Г.Бауэр атындагы облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жаңы имаратын ачты.
Аталган борбор 1948-жылы салынгандыктан аябай эскирген эле. Өткөн жылы республикалык бюджеттин эсебинен үч кабаттуу 96 орундуу имаратты курууга каражат бөлүнгөн.
Мамлекет башчысы бейтаптардын жайлуулугу үчүн бардык зарыл шарттары бар палаталарды, ошондой эле орнотулган медициналык жабдуулар, анын ичинде заманбап санариптик рентген аппаратты ж. б. көрүп чыкты.
Садыр Жапаров ден соолук маселеси маанилүү экенин баса белгилеп, саламаттык сактоо сектору мамлекеттин башкы артыкчылыктарынын бири экенин айтты.
Мурунку макала«Эл үмүтү» стипендиясына документтерди кабыл алуу 1-майда башталат
Кийинки макалаКыргызстан Иран менен Израилди аскердик аракеттерден баш тартууга чакырды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз