Башкы бетке Рубрикасы жок «Эл үмүтү» стипендиясына документтерди кабыл алуу 1-майда башталат

«Эл үмүтү» стипендиясына документтерди кабыл алуу 1-майда башталат

0
1747

Президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына документтерди онлайн кабыл алуу 2024-жылдын 1-майынан 30-майына чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

“Эл үмүтү” стипендиясынын максаты –Кыргыз Республикасынын таланттуу жаштарына дүйнөлүк рейтингде алдыңкы орунда турган чет өлкөлүк жогорку окуу жайларында, билим берүү программаларында магистр жана PhD доктору деңгээлинде билим алуусуна көмөк көрсөтүү.
“Эл үмүтү” стипендиясына жыл сайын 50 орун бөлүнөт. Анын ичинен техникалык жана инженердик багыттар боюнча магистрлерди даярдоого – 20 стипендия, экономикалык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого – 10 стипендия, социалдык-гуманитардык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого – 10 стипендия, философия доктору PhD программалары боюнча окутуу үчүн – 10 стипендия.
“Эл үмүтү” стипендиясына конкурска катышуу үчүн магистратурада окууга 40 жашка чейинки, PhD докторантурада окууга 45 жашка чейинки жарандарына уруксат берилет.
Мурунку макалаАйсулуу Тыныбекова алтынчы ирет Азия чемпиону болду
Кийинки макалаПрезидент кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жаңы имаратын ачты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз