Башкы бетке Коом Кыргызстан менен Өзбекстандын башкы прокурорлору кызматташуу программасына кол койду

Кыргызстан менен Өзбекстандын башкы прокурорлору кызматташуу программасына кол койду

0
738

Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиев Өзбекстандын башкы прокурору Нигматилла Йулдошев менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, жолугушууда эки өлкөнүн Башкы прокуратураларынын ортосунда 2024-2026-жылдарга кызматташтык программасына кол коюлду.

Кол коюу аземи Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башкы прокурорлорунун 22-отурумунун жана Түрк мамлекеттеринин уюмунун башкы прокурорлор кеңешинин 3-отурумуна катышуунун алкагында өттү.

Бул программа эки өлкөнүн көзөмөл органдарынын ортосундагы мыйзамдуулукту жана укук тартибин бекемдөө чөйрөсүндө өз ара кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.

«Мында тажрыйба жана маалымат алмашуу, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди иштеп чыгуу, ишке ашыруу кызматташтыктын негизги багыттары болуп белгиленди», — деп айтылат маалыматта.

Мурунку макалаКыргызстанда 6 айда 117,3 чакырым жолго асфальт төшөлдү
Кийинки макалаБыйыл 30 мектепте сабак саат 07:30да башталат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз