Башкы бетке Илим Садыр Жапаров күрөш боюнча балдардын Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды

Садыр Жапаров күрөш боюнча балдардын Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды

0
476

Президент Садыр Жапаров кечээ, 4-сентябрда, “Ынтымак ордодо” өспүрүмдөр арасында күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта (U17) байгелүү орундарды ээлеген жаш балбандар менен жолугушту.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө жаш балбандар Кыргызстандын Эгемендик майрамын жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын салтанаттуу белгилөөнүн алдында жалпы кыргыз элине жакшынакай белек тартуулаганын айтты.

“Мына ошондуктан силерге, урматтуу жаш балбандар, спорт аркылуу өлкөбүздүн дүйнө айдыңындагы кадыр-баркын көтөрүп жатканыңарга өзүмдүн жана жалпы кыргызстандыктардын атынан терең ыраазычылыгымды билдирем. Албетте, “Кыргыз элинин бир ууч топурагына жараган, Кыргызстандын бир ыптасын чойгон уулдардан болсо экен” деп тарбиялаган ата-энелериңерге ыракмат. Ошондой эле талантын байкап, жөндөмүн баалап, таптап жүрүп олтуруп, чоң мелдештерге салган машыктыруучулар Азат Мирахимов менен Дастан Муктаровдун да эмгеги зор. Сиздерге да терең ыраазычылык билдирем”, — деп белгиледи президент.

Андан соң мамлекет башчысы дүйнө чемпионатынын байге ээлерине жана алардын машыктыруучуларына акчалай сертификаттарды тапшырды.

Курсантбек Исаков (алтын медаль) — 600 миң сом
Өмүрбеку Асан уулу (алтын) — 600 миң сом
Рустамжан Кахаров (алтын) — 600 миң сом
Кутман Калбаев (күмүш) — 400 миң сом
Марлен Абдраимов (коло) — 200 миң сом
Бекжан Бейшембаев (коло) — 200 миң сом

Төрт жеке машыктыруучуга 100 миң сомдон, эки улук машыктыруучуга 150 миң сомдон берилди.

Мурунку макалаШакиев: «Ысык-Көлдө селден жабыркаган жарандарга даректүү жардамдар берилет»
Кийинки макалаМилиционерди машина менен сүйрөп кеткен айдоочу кармалды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз