Башкы бетке Рубрикасы жок Шакиев: «Ысык-Көлдө селден жабыркаган жарандарга даректүү жардамдар берилет»

Шакиев: «Ысык-Көлдө селден жабыркаган жарандарга даректүү жардамдар берилет»

0
431

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Балбак Түлөбаев менен Гүлкан Молдобекова Ысык-Көл облусунда катталган сел кырсыгынын кесепеттери жана аларды жоюуга көмөктөшүү маселесин көтөрдү.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Ысык-Көл облусунда катталган селдин кесепети абдан чоң болгонун жана аны жоюу багытында жүргүзүлүп жаткан иштерден кабары бар экенин белгилеп: “Албетте төраганын резервдик фондунан каражат бөлүнүп, даректүү жардамдар берилет. Жабыркагандар арасында тактоо иштери жүргүзүлүп, муктаждарга тиешелүү көмөктөр көрсөтүлөт”, – деди.

Эскерте кетсек, өткөн айда нөшөрлөгөн жаандан улам Ысык-Көл жана Тоң райондорунда сел жүргөн. Учурда селден жабыраган аймактарда тазалоо иштери уланууда.

Мурунку макалаДария АБДИМЕТАЛИЕВА: “Жомок куржундарды келечеги адамдардын аң-сезиминен көз каранды”
Кийинки макалаСадыр Жапаров күрөш боюнча балдардын Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз