Башкы бетке Рубрикасы жок Кыргыз-өзбек-тажик өкмөт башчылары чек ара боюнча макулдашууну талкуулайт

Кыргыз-өзбек-тажик өкмөт башчылары чек ара боюнча макулдашууну талкуулайт

0
32

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзода үч тараптуу жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу 8-январда үч өлкөнүн мамлекеттик чек аралары кесилишкен жерде болот.

«Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттеринин президенттеринин буга чейин жетишилген мамлекеттик чек ара маселелерине байланышкан макулдашуунун айланасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Мурунку макалаСоветтик репрессия курмандыктарын актоо боюнча мыйзамга кол коюлду
Кийинки макалаБүгүн Бишкекте күрөш боюнча өлкө чемпионаты башталат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз