Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Yangling Jinhai Biotechnology Co., Ltd компаниясынын төрагасы Лю Янлин менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө айыл чарба жана биотехнология тармагында кызматташуу, анын ичинде Кыргызстанда шарп ылаңына каршы вакцина чыгаруучу жабык циклдеги заводду ишке киргизүү маселелери талкууланды.
Долбоор өндүрүштүк циклдин бардык этаптарын: малды багып, бордоп семиртүүдөн баштап, эмдөө жана мал союучу жайга чейин толук камсыздоону камтыйт. Талкуунун жүрүшүндө тараптар өлкөнүн ветеринардык коопсуздугун чыңдоо жана айыл чарба жаныбарларынын арасында жугуштуу оорулардын таралуу коркунучун олуттуу төмөндөтүүчү жогорку сапаттагы вакциналарга ички суроо-талапты камсыздоо үчүн бул долбоорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Лю Янлин Yangling Jinhai Biotechnology Co., Ltd компаниясынын заводдун курулушуна инвестиция салуу, алдыңкы технологияларды өткөрүп берүү жана жергиликтүү адистерди даярдоо багытында кызматташууга даярдыгын баса белгиледи.


