Башкы бетке Маданият Ырчы, аткаруучу Рустам Сагыналиев каза болду

Ырчы, аткаруучу Рустам Сагыналиев каза болду

0
1624

Кыргыздын таланттуу уулу, ырчы, аткаруучу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти Рустам Сагыналиев 40 жашында каза болду. Кабарды улуттук филармониянын администрациясынан тастыкташты.

Рустам Сагыналиев 1984-жылы январда Талас облусунун Бакайыр айылында туулган. Ырчы улуттук филармониянын А.Үсөнбаев атындагы «Эл шайырлары» фольклордук тобунун мүчөсү болчу.

Ал боор циррозуна чалдыккандыктан былтыр кайрымдуулук концерти уюштурулуп, Индияда операция жасатууга акча чогултулган. Бирок донор табылбай жаткандыктан, операциясы создугуп келген.

Маркумдун артында эки баласы калды.

«Кыргыз Туусу» редакциясы Рустам Сагыналиевдин жакындарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Мурунку макалаНотариалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгү кеңеет
Кийинки макалаКыргызстандык эки жөө күлүк Париж Олимпиадасына жолдомо алды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз