Башкы бетке Министрлер кабинети Милиционерди машина менен сүйрөп кеткен айдоочу кармалды

Милиционерди машина менен сүйрөп кеткен айдоочу кармалды

0
526

«Дордой» жакта милиционерди капотто сүйрөп кетти деген айдоочу кармалды.

Ички иштер башкармалыгы билдиргендей, кечээ укук коргоо кызматкери анын (кармалган айдоочу) жол жээгинде мыйзамсыз бензин сатып жатканын байкап калган.

Милиционердин мыйзамсыз сооданы токтотуу талабын аткарбай, из жашырып кетем деп аны сүзүп, капотунда сүйрөп кеткен. Айдоочу бүгүн кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин «Бийлик өкүлүн коркутуу же зомбулук көрсөтүү” беренеси боюнча иш козголду.

Мурунку макалаСадыр Жапаров күрөш боюнча балдардын Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды
Кийинки макала«Росатом» Нарындагы жүк ташуучу унаа кабылган кырсык боюнча комментарий берди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз