Башкы бетке Министрлер кабинети «Росатом» Нарындагы жүк ташуучу унаа кабылган кырсык боюнча комментарий берди

«Росатом» Нарындагы жүк ташуучу унаа кабылган кырсык боюнча комментарий берди

0
525

«Росатом» Нарын облусундагы жүк ташуучу унаа кабылган кырсык боюнча комментарий берди.

Компаниянын расмий маалыматында мындай деп айтылат:

«2-сентябрда жергиликтүү субподрядчынын самосвалы Нарын облусунун Туюк-Суу калдык сактоочу жайынан топурак ташып бара жатып жолдон чыгып кеткен. Окуя болгон жерге Нарын облусунун Жумгал районунун жаратылышты коргоо органдарынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү барышкан. Кийин кырсыктын кесепеттери жоюлган, учурда айланадагы радиациялык фон нормалдуу. Окуянын себептерин аныктоо үчүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин атайын комиссиясы түзүлүүдө. Мындай окуяларды болтурбоо үчүн бардык подряддык уюмдардын ишине көзөмөл күчөтүлөт».

Мурунку макалаМилиционерди машина менен сүйрөп кеткен айдоочу кармалды
Кийинки макалаЭрбол Султанбаев Беларустун тышкы иштер министри менен жолугушту

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз