Башкы бетке Коом Эрбол Султанбаев Беларустун тышкы иштер министри менен жолугушту

Эрбол Султанбаев Беларустун тышкы иштер министри менен жолугушту

0
456

Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженков менен жолугушту.

Элчиликтен билдиришкендей, жолугушууда кыргыз-беларусь эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелери, анын ичинде биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жана эки тараптуу документтерге кол коюуга даярдык көрүү маселелери талкууланды.

Өзгөчө көңүл Кыргызстандын Беларуста жакынкы келечекте пландаштырылган маданият күндөрүн өткөрүү, эки өлкөнүн аймактар ​​аралык кызматташуусун өнүктүрүү маселелерине бурулду.

Тараптар эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө өз ара кызматташуусунун оң динамикасын ырасташты.

Мурунку макала«Росатом» Нарындагы жүк ташуучу унаа кабылган кырсык боюнча комментарий берди
Кийинки макала“Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө” жарлыкка кол коюлду

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз