Башкы бетке Рубрикасы жок Элчи Жаманбаев Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы менен жолукту

Элчи Жаманбаев Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы менен жолукту

0
459

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту.

ТИМден сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн бардык негизги багыттары, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы жогорку деңгээлдеги парламенттер аралык мамилелерди мындан ары колдоо боюнча кеңири пикир алмашуу болду.

Жогорку Кеңеш менен Олий Мажлистин эки тараптуу негизде да, көп тараптуу парламенттер аралык уюмдардын алкагында да, анын ичинде Борбордук Азия өлкөлөрүнүн парламентарийлеринин форматында да тыгыз өз ара аракеттенүүсү канааттануу менен белгиленди.

Тараптар ошондой эле парламенттик деңгээлде боло турган биргелешкен тышкы саясий иш-чаралардын графигин талкуулашты.

Мурунку макалаСадыр Жапаров Казакстанда V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты
Кийинки макалаАзамат Байышбеков “Meken” брендиндеги ноутбуктарды Ала-Тоо Эл аралык Университетине тапшырды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз