Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдар тобу Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык кармоочу торлордон тазалоону улантууда.
Белгилей кетсек, өлкө жетекчилиги тарабынан биосфералык зонадагы экологиялык кырсыктын алдын алуу жана Ысык-Көлдү сактоо максатында Ысык-Көлдү сактоо жана экологияны сактоо боюнча зарыл чаралар көрүлүп жатат.
Көлдү тазалоо өткөн жылдын март айында президенттин тапшырмасы менен башталган. Былтыркы жана быйылкыны кошкондо 28,5 тонна таштанды жана 258 метр тор алып чыгышкан.
Быйыл тазалоо иштеринин натыйжасында Ысык-Көлдөн 40 миң метр балык кармоочу торлор жана 6 тоннага жакын ар кандай таштандылар чогултулган. Учурда мыйзам тарабынан тыюу салынганына карабастан браконьерлик дагы деле уланууда.


