Башкы бетке Министрлер кабинети «Тазалык» ишканасынын башчысы кармалды

«Тазалык» ишканасынын башчысы кармалды

0
452

 Аксы районунда «Тазалык» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери муниципалдык менчикти жеке кызыкчылыгына пайдаланышкан. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК 2023-жылы Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызматкерлери муниципалдык техниканы колдонуу менен Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын аймагында жеке коммерциялык уюмдардын заказы боюнча артезин скважиналарын бургулоо боюнча кызматтарды көрсөткөндүгүн аныктаган.

Көрсөтүлгөн кызматтар үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкерлери 8 млн. сомдон ашык суммада акы алышкан.

2024-жылдын 17-августунда Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн «Тазалык» ишканасынын башчысы А.З.Б. жана анын айдоочу-механик Т.С.А. аттуу жаран кармалып, тергөө абагына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Мурунку макалаТоңдо 400 адам коопсуз жайга эвакуацияланды
Кийинки макалаБишкекте кыргыз күрөшү боюнча президенттин кубогу башталат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз