Кечээ, 21-август күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Тоң районундагы Зындан көлү жырылганын айтып, Тоң суусунун деңгээли көтөрүлгөнүн эскерткен. Ал жакка жакын Туура-Суу айылынын эли коопсуз жайга көчүрүлүп жатат. Алардын саны 400гө жетти.
Куткаруучулар жеринде көзөмөлдөө иштерин жүргүзүп, жергиликтүү бийлик Зындан көлүнүн суусу Тоң суусунун нугуна бурулганын билдирди.


