Башкы бетке Рубрикасы жок Максуда ОРМОНОВА: “Шанель жыты”

Максуда ОРМОНОВА: “Шанель жыты”

0
2684

Акын жана жазуучу Максуда Ормонованын “Шанель жыты” романы өзүнчө китеп болуп чыкты.

Чыгармада мамлекетибиз эгемендүүлүк алган жылдардан бүгүнкүгө чейинки коомдо болуп жаткан турмуштук окуялар көркөмдөлүп чагылдырылган. Башкы каарман Жамгырчы менен анын тегерегиндеги каармандардын тагдыры, ой-дүйнөсү, образдары китеп окурмандарын кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз.

“Шанель жыты” 3 жылга жакын аралыкта жазылган, романдагы каармандары турмуштан алынган кейипкерлер. Жамгырчы аркылуу окуучуларынын бири Акботоев Мирландын образын берсе, каармандарынын бири Саламаттын образын Кызыл-Кыядан тапкан. Жайнагүлдүн образында Москвадан таанышкан жаш кыздын тагдыры бар.

Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Максуда Ормонованын “Нур”, “Эне мээрими”, “Ташка да керек эркиндик” деген китептери жарык көргөн.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
Кыргыз Туусу”

Мурунку макалаТамара ДОБУЛ кызы: “Тажатышты ызы-чуу машиналар, Кетким келет айылга, кетким келет…”
Кийинки макала“Миң уккандан бир көргөн”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз