Башкы бетке Рубрикасы жок Садыр Жапаров иш сапары менен Францияга барат

Садыр Жапаров иш сапары менен Францияга барат

0
768

Президент Садыр Жапаров Франциянын президенти Эмманюэль Макрондун чакыруусу менен 25-27-июлда Францияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Алдыда боло турган сапардын алкагында 25-июлда президент Садыр Жапаровдун “Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк – жакшы келечек үчүн бирге” аталышындагы Париж саммитине катышуусу пландалган.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын балдардын ден соолугуна жана билимине, спортчулардын келечегине жана кийинки муундарына берилгендигин ырастайт.

26-июлда Президент Садыр Жапаров XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышат”, – деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Мурунку макалаТашиев аскердик эл аралык спартакиаданын жеңүүчүлөрүн куттуктады
Кийинки макалаА.Жапаров: “2030-жылга карата ИДПнын көлөмүн 30 млрд. долларга жеткирүү керек”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз