Башкы бетке Коом Ата-энесине камкордук кылбагандар жазаланабы?

Ата-энесине камкордук кылбагандар жазаланабы?

0
1310

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйынында «Кыргыз Республикасынын балдарды алимент төлөө боюнча милдеттерди жөнгө салуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Тазабек Икрамов карылар үйүнө ташталган ата-энелердин саны өсүп жатканын, бирок алар эч качан өздөрүнүн балдарына карата арыз жазышпай турганын белгиледи.

Буга байланыштуу ал ата-энесине камкордук кылбаган жана балдарына алимент төлөбөгөн ата-энелерди коомдук иштерге тартууну же айып салууну сунуштады.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

Мурунку макалаЭшенкул БАРПИЕВ: “Жакшы тойлор, анда айтылган сөздөр элдин эсинде калат”
Кийинки макала“Сиз болбосоңуз, мен түрмөгө түшмөкмүн”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз