Башкы бетке Коом Кыргызстанда бүгүндөн тарта пенсия жогорулады

Кыргызстанда бүгүндөн тарта пенсия жогорулады

0
419

 Кыргызстанда 1-октябрдан тартып пенсиянын минималдуу өлчөмү 6 миң 900 сомду түздү. 

Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18%га, эң минималдуу дегенде 1000 сомдон кем эмес суммага көбөйдү.

2021-жылдан тарта пенсия Кыргызстанда бир нече баскыч менен жогорулады. Мисалы, 2022-жылы пенсия орточо 33%га көбөйсө, 2023-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 30 миң сомго чейин, ал эми пенсиялар 38%га жогорулады. 2024-жылы пенсиялар эки этап менен жогорулатылды, октябрь айынан тарта өлкөдөгү эң аз пенсия 6900 сомго жеткирилди. 1-июлдан тартып пенсиялар пенсиянын толук базалык бөлүгүнө чейин, тагыраагы 3170 сомго жеткирилген. 2024-жылдын 1-октябрынан баштап пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18 %га жогорулап, эң минималдуу дегенде 1000 сомдон кем эмес суммага көбөйдү.

Жыйынтыгында, 2024-жылдын октябрь айынан тарта өлкөдө эң минималдуу пенсия 6 900 сом болду, жалпысынан 3 жыл аралыгында пенсияны жогорулатууга кошумча 60 млрд сом сарпталды.

Мурунку макалаБишкекте мектеп окуучулары арасында «Жаш куткаруучу» мелдеши өттү
Кийинки макалаАкылбек Жапаров Ереванда Евразиялык экономикалык форумдун пленардык жыйынында сөз сүйлөдү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз