Башкы бетке Рубрикасы жок Садыр Жапаров Вьетнамдын президентине көңүл айтты

Садыр Жапаров Вьетнамдын президентине көңүл айтты

0
521

Президент Садыр Жапаров Вьетнам Социалисттик Республикасынын президенти То Ламга “Яги” тайфунунун кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Вьетнамда “Яги” тайфун апаатынан көптөгөн адамдар каза болду жана жаракат алды деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам. Бул каргашалуу окуянын кесепетинен жапа чеккендердин тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм”, — деп айтылат телеграммада.

Мурунку макалаБишкекте УКМКнын Ленин райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды
Кийинки макалаЫсык-Көлдө шамал электр станциясы курулат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз