Башкы бетке Коом Транспорт министрлигинде 9 айдын жыйынтыгы чыгарылды

Транспорт министрлигинде 9 айдын жыйынтыгы чыгарылды

0
434

Кечээ Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде министр Абсаттар Сыргабаевдин төрагалыгы астында 9 айдын жыйынтыгын чыгарган коллегия өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, күн тартибине жалпы 5 маселе коюлган. Тагыраагы, министрликтин жалпы отчету, Жол чарба департаментинин, “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинин жана Жол фондунун 9 айда аткарган жумуштары менен төртүнчү кварталга койгон милдеттери жана жарандардын кайрылуулары менен аткаруу тартиби тууралуу баяндамалар жасалган.

Иш-чаранын жыйынтыгы менен жумушунда жакшы көрсөткүчтөргө жетишпеген жетекчилерге сөгүш, тартиптик жаза, эскертүү жана оозеки эскертүү берүү маселелери каралып, алдыга коюлган милдеттерди так жана өз убагында аткаруу тапшырмасы коюлган.

Мурунку макалаӨндүргөндү үйрөндүк, саткан жагын кантебиз?
Кийинки макалаЖыл башынан бери Кыргызстанда 529 чакырым жол асфальтталды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз