Кыргызстандагы быйылкы ысык жана аны коштогон сел менен суу ташкындар Президент Садыр Жапаровдун өлкөдөгү токой аянттарын кеңейтүү боюнча “Жашыл мурас” демилгесинин маанилүүлүгүн дагы бир жолу көргөздү. Учурда болжол менен үч триллиондой дарак бар дүйнөдө глобалдык жылуулуктун күчөп кетишине жол бербөө жана планетаны келечек муундарга сактоо үчүн алдыдагы 25 жылда кошумча 1 трлн. даана дарак өстүрүү талап кылынса, Кыргызстанда алдыдагы жыйырма беш жылда кеминде 500 миллиондон 1 миллиард даанага чейин жаңы дарак тигип, алардын өсүп-өнүшүнө жетишүү да улуттук милдет болушу керек. Бул келечекте калк саны өсөрүн эске алуу менен жок дегенде азыркы жашыл көрсөткүчтү, экосистеманы, абанын тазалыгын сактоо жана акыры келип, келечек муундарга кам көрүү үчүн да зарыл.
Ушул саптардын автору быйыл июнь айында Токой изилдөөчү уюмдардын эл аралык биримдигинин (IUFRO) Стокгольм шаарындагы дүйнөлүк конгрессинин катышуучусу болду.
Эмне үчүн 2050-жыл?
Глобалдык климат боюнча 2015-жылы кол коюлган, Кыргызстан да кошулган Париж келишиминин максатына жана анда белгиленген мерчемдерге ылайык, дүйнө 2050-жылга карай абага булганыч газдардын бөлүнүп чыгышынан толук арылышы керек. Бул багыттын түпкү мүдөөсү -аба температурасынын глобалдык жана жылдык орточо көрсөткүчү индустриалдык доор башталганга чейинки деңгээлден эң жакшы дегенде Цельсий ченеми боюнча 1,5 ( Фарангейт ченеми боюнча 2,7) жана эң көп дегенде 2 градустан ашык жогорулабашын камсыздоо.
Париж келишиминде индустриалдык доордун башталышы катары кайсыл бир конкреттүү жыл көргөзүлгөн эмес. Бирок илимпоздор буга ориентир ала турган мезгил деп 1850-1900-жылдарды карашат. Анткени, дал ушул мезгилдин алдында адамзат жерден казылып алынган отунду колдонууга өтө баштаган.
АКШдагы Массачусетс технология институтунун интернет баракчасында 2023-жылдын 27-августунда жарыяланган илимий түшүндүрмөгө караганда, жогоруда айтылган 1850-1900-жылдар аралыгындагы мезгилде “глобалдык температуранын орточо көрсөткүчү кайсыл бир жылы жогорулап, кайсыл бир жылы ылдыйлап олтуруп, жалпысынан алганда Цельсий ченеми боюнча 13,5 градустун тегерегинде болгон”.
Азыр акыбал кандай? Метеорология боюнча дүйнөлүк уюм 2022-жылы эле глобалдык температуранын орточо жылдык көрсөткүчү 1,5 Цельсий градустан жогорку чекке алдыдагы төрт жыл аралыгында эле жете турганын болжолдогон. Ал жылы дүйнөлүк Метеорология уюмунун эсебинде, глобалдык температуранын орточо ченеми индустриалдык доорго чейинкиден 1,15 градуска көтөрүлдү.
Кийинки 2023-жылды болсо Метеорология уюму глобалдык температураны ченөөнүн ар башка алты эл аралык булагына таянуу менен “эң ысык” жыл деп жарыялаган. Эсептерге караганда, бул жылы глобалдык температуранын деңгээли индустриалдык доорго чейинкиден 1,45 градуска жогорулады. Эми климатологдордун болжолунда, 2024-жылдын жыйынтыгы менен да глобалдык температуранын көрсөткүчү боюнча жаңы рекорд катталганы турат.
Илимпоздор Париж келишиминде “коргонуу сызыгы” катары мерчемделген 1,5 градус сыйкырлуу сан эместигин, андай ылдый түшүү климаттын терс кесепеттери жокко чыгат дегендикти билгизбей турганын, болгону бул көрсөткүч канчалык ылдый түшсө дүйнөнүн айрым аймактары менен аярлуу экосистемалары үчүн климаттын ыктымал тобокелчиликтеринин терс таасири азаярын белгилешет.
Мисалы климаттын өзгөрүүсү боюнча Улуттар уюму түзгөн өкмөттөр аралык топтун (IPCC) эксперттери глобалдык орточо температура 1,5 градуска жогоруласа Түндүк муз океаны жай мегилинде муздан 100 жылда бир, эгер 2 градуска жогоруласа 10 жылда бир арыларын болжолдошкон. Ал эми деңиз суусунун көтөрүлүшүндө 1,5 менен 2 градустун ортосундагы айырма 10 сантиметрди түзөт.
Глобалдык жылуулуктун күчөшүн жана анын ыктымал кесепеттерин алдын алууда токойлор жана токой индустриясынын салымы менен ролу канчалык?
Улуттар уюмунун Айлана-чөйрө (UNEP) Азык-түлүк (FAO) мекемелеринин эсебинде, көмүртекти жутууда жана сактоодо эбегейсиз мүмкүнчүлүккө ээ токойлорду кыркуунун токтотулушу жана мурда жок болуп кеткен токойлорду калыбына келтирүү климаттагы проблемалардын 30 пайызга чейин чечилишине жардам бермек.
Мындан улам БУУнун климаттын өзгөрүүсү боюнча өкмөттөр аралык эксперттик тобунунун баяндамаларында, Париж келишиминде да токойлор климаттагы өзгөрүүлөргө каршы глобалдык күрөштөгү маанилүү майдан экени көргөзүлөт.
Ушул саптардын автору быйыл июнь айында Токой изилдөөчү уюмдардын эл аралык биримдигинин (IUFRO) Швецияда “Токой жана коом 2050-жылды карай” деген аталыш менен өткөн дүйнөлүк конгрессинин катышуучусу болду. Ар беш жылда бир өтүүчү быйылкы конгрессте жүздөн ашуун өлкөдөн төрт миндей илимпоз чогулуп, акыркы изилдөөлөрүнүн айрым жыйынтыктарын жарыялашты.
Дүйнөдө жана Кыргызстанда азыр канча токой бар?
Токойлордун глобалдык абалы боюнча эл аралык статистика Улуттар уюмунун системасына ар беш жылда Дүйнөлүк азык-түлүк (FAO) уюму аркылуу чогултулат.
Бирок илимпоздор инвентаризациялоо иши бардык эле мамлекетте талаптагыдай жүргүзүлбөй турганын, бул жумуштун бирдиктүү методологиясы жоктугун эске алуу менен Улуттар уюмунун системасына берилген статистиканын тууралыгынан кандайдыр бир деңгээлде күмөн да санашат.
БУУнун системасына 2020-жылы берилген эң соңку статистика боюнча, дүйнөдө азыр токой аянттарынын жалпы көлөмү 4,06 млрд. гектарды түзүп турат. Башкача айтканда, 8,2 млрд. жеткен дүйнө калкынын жан башына бөлгөндө орточо ар бирине 0,5 га токой туура келет. Бул сан көңүл жубатарлыктай көрүнгөнү менен глобалдык токой аянттарынын жарымынан көбү же 53 пайызы беш эле мамлекет: Орусия, Бразилия, АКШ, Канада, Кытайга таандык. Ал эми токой аянттарынын үчтөн экиси же 66 пайызы болгону он өлкөдө жайгашкан. Анда алдыдагы беш мамлекетке Австралия, Конго, Индонезия, Перу жана Индия кошулат.
Бул ондуктун ичинен БУУдагы статистика боюнча, Орусиянын 815 млн., Бразилиянын 497 млн., Канаданын 367 млн., АКШнын 310 млн., Кытайдын 220 млн. га токою бар.
Дүйнөнүн жогорудагы он мамлекеттен калган аймагында болгону 1 млрд. 375 млн. га гана токой аянты жайгашкан.
Ал эми Кыргызстанда 2020-2023-жылдары эл аралык уюмдардын каржылык колдоосу менен жүргүзүлгөн токой боюнча экинчи улуттук инвентаризация өлкөдө жашыл тилкенин жалпы аянты 1,7 млн. га ашуун, тагыраак айтканда 1,717,566.9 га, же өлкөнүн жалпы аймагынын 8,6%ына барабар экенин көргөзгөн. Бул сандарда Кыргызстандын бүткүл аймагынан, бардык бийиктик зоналарынан токойдун бардык алты түрү, айыл ичиндеги токой тилкелери, парктар, көп жылдык бактар, суюк өскөн бадал аянттары да камтылган.
Экинчи улуттук инвентарлаштыруунун жүргүзүүчүлөрү бул ирет жашыл аймактын жалпы эсебин чыгарууда космостон тартылган сүрөттөр да пайдаланылганын билдиришкен.
Натыйжада 1,72 млн. га жакын жашыл аянттын 540 миң га жакыны бадал жана көп жылдык бактар үчүн ажыратылып, таза токойдун аянты 1,177,965.9 га же өлкө аймагынын 5,9%ы деп эсептелген.
Ошентип, жаңы статистика боюнча дарак өскөн аянттын баарын алганда 1,72 млн. га жакын токойду Кыргызстандын азыр 7 млн. калкынын жан башына бөлө келгенде дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн бир эсе төмөн – 0,25 гектардан токой туура келүүдө.
Єзү акыркы он жылдыктарда дүйнөдө токой аянттарынын кыскаруусу басаңдады делгени менен БУУнун соңку баяндамасында да алардын жоголуу ыргагы “кооптондурарлык” деп көргөзүлгөн. Алсак, 1990-жылдардан бери 420 млн. га токой аянты жоголду деп эсептелинет. Дүйнөлүк азык-түлүк уюмуна берилген статистика боюнча, 2015-2020-жылдардын аралыгында жоголгон токойдун аянты жылына 10 млн. га түзүп, 1990-жылдардагы 16 млн. га аянттан азайды.
Миллиондогон гектар жердин токойсузданышы эң биринчи кезекте ал аянттарды айыл чарбасынын муктаждыгы үчүн бошотуу. Илимпоздор эң ириде мына ушул жа-раян токтотулушу зарыл деп санашат.
2021-жылы Президент Садыр Жапаров катышкан Улуттар уюмунун Глазгодо өткөн климат конференциясында кабыл алынган, Кыргызстан да колдогон “Токойлор жана жерди колдонуу” боюнча декларациясында дүйнө өлкөлөрү 2030-жылга чейин токойлордун жоголуусун жана жердин деградациялануусун токтотуу үчүн жарнакташып иштөөнү убада кылган эле. Бул үчүн жоголгон токой аянттарынын көлөмү жылына кеминде 10 пайызга кыскарып турушу керек болчу.
Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Дүйнөлүк ресурстар институту 2023-жылдын жыйынтыктарын эске алганда токой аянттарынын жоголуусун 2030-жылга карай токтотуу боюнча соңку эл аралык убада да аткарылбай каларын эскертүүдө.
Маселен, бул аналитикалык уюмдун эсебинде, 2023-жылдын жыйынтыгында Түштүк Америка менен Африкадан жана дүйнөнүн экинчи токойлуу өлкөсү Бразилия баштаган он мамлекетте тропикалык токойдун 3,7 млн. гектары жоголгон.
Жердин 6%ын эле ээлеген тропикалык токойлор планетада көмүртектин эң ири табигый жутуучусу жана климаттагы өзгөрүүлөрдөн коргонуудагы биринчи тилке болгондуктан илимпоздор аларды калыбына келтирүүсүз аба температурасынын глобалдык көрсөткүчүн 1,5 градустан ары ысытпоого жетишүү мүмкүн эместигин эскертип келишет.
Британдык “Financial Times” басылмасы 2023-жылдын 14-апрелинде жарыяланган кеңири анализинде дүйнөнү кайра токойлоштуруу боюнча берилген эл аралык убадалардын баарын талдап чыгып, “өкмөттөр эле 633 млн. га дарак олтургузууну убада кылганын, бул Амазон токойлорунан чоң аймак жана мактоого аларлык экенин белгилеп, бирок мунун ишке ашуусу “ канчалык чындыкка жакын”, – деп суроо салат.
Үч триллионго кошумча бир триллион
Британияда басылуучу Nature журналынын 2015-жылдын 2-сентябр-дагы санында эл аралык илимпоздор тобу: “Дүйнөдөгү дарактардын жалпы саны болжол менен 3,04 трлн. даана жана бул мурдагы эсептерден көбүрөөк. Бул дарактардын болжол менен 1,30 трлн. тропикалык жана субтропикалык аймактарда, 0,74 трлн. бореалдык (суук) чөлкөмдөрдө, 0,66 трлн. климаты байистүү (төрт мезгилдүү) аймактарда өсүүдө. Дарактардын жыштыгы боюнча биздин божомолдорго таянуу менен жылына 15 млрд. даанадан ашуун дарак кыйылат деп санап чыктык. Ал эми адамзат цивилизациясы жаралгандан бери дарактардын саны болжол менен 46%га кыскарган”, – деген бүтүм чыгарышкан.

Илим дүйнөсүндөгү эң абройлуу бул журналдын жогорудагы бүтүмүнөн бери дарактардын саны боюнча глобалдык масштабагы жаңы статистика чыга элек. Эгер дүйнөдө болжол менен 3 трлн. дарак бар деген ошол статистиканы 4 млрд. га токой аянтына бөлсөк, гектарына 750 дарак, ал эми 2024-жылы 8,2 млрд. түзгөн дүйнө калкынын жан башына бөлүп көрсөк, бир адамга орточо 370 дарактан туура келип жатат.
Учурдагы демографиялык эсептер боюнча, 2050-жылга барып, дүйнө калкы 10 млрд. жетиши күтүлүүдө. Жан башына 370 дарак туура келген азыркы орточо көрсөткүчтү сактоо үчүн эле, дүйнө калкы 10 млрд. түзгөн учурда, дарак саны кеминде 3,7 трлн. жетиши талап кылынат экен. Андыктан, 2050-жылга чейин дүйнөдө кеминде кошумча 1 трлн. даана жаңы дарак тигилип, өстүрүлүшү керек деген эл аралык демилгелер менен аракеттер абдан эле жөндүүдөй. Бул милдет жыгачка суроо-талап көбөйгөн жана калктын саны өсүшүнө байланыштуу айыл чарбасынын муктаждыгы үчүн да кошумча айдоо аянттары талап кылынган шартта аткарылуусу керек. 1 трлн. дарак көчөтүн тигүү үчүн гектарына 1000 дарактан дегенде 1 млрд., 1500 дарактан дегенде 670 млн. га жер талап кылынат.
Швейцариянын Цюрихтеги федералдык техникалык институтунан (ETH-Zurich) Жан-Франсуа Бастин (Jean-Francois Bastin) баштаган изилдөөчүлөр тобу 2019-жылы илим дүйнөсүнүн дагы бир абройлуу Science журналына басылган жана эл аралык деңгээлде көңүл бурулган тыянагында, дүйнөдө жаңы токой тигүүгө мүмкүн болгон аянттын максималдуу көлөмүн 900 млн. га деп аныкташкан. Аталган окумуштуулар тобунун эсебинде, ошол 900 млн. га жерде жаңы токой өсүп күч-кубатка жеткенде, атмосферадан 205 млрд. тонна көмүртекти жокко чыгара алат.
“Биз баарыбыз токойлорду калыбына келтирүү климаттагы өзгөрүүлөр менен күрөшүүнүн бөлүгү экенин билебиз, бирок мунун таасири канчалык чоң экенин чындап билген эмеспиз. Биздин иликтөө дарактарды калыбына келтирүү атмосферадан көмүртекти алуудагы кубаттуу аспап экенин көргөздү. Бирок биз тез аракеттенүүбүз керек. Жаңы токойлор өсүп-жетилип, көмүртекти жутуунун табигый булагы катары толук потенциалына чыгыш үчүн ондогон жылдар талап кылынат”, – деп жазышкан изилдөөчүлөр тобу Science журналына 2019-жылдын 5-июлунда жарыяланган бүтүмүндө.
Илим дүйнөсүндө бир милллиард гектар жерде жаңы токойлорду жетилтүү оңой-олтоң иш эмес деп санагандар да жок эмес.
Вашингтондогу Дүйнөлүк ресурстар институтунун эсебинде, 1850-жылдан 2022-жылга чейинки аралыкта адам ишмердигинин натыйжасында абага бөлүнгөн булганыч газдардын жылдык көлөмү 182 эсеге өстү.
Ушу тапта дүйнөнүн токойлору атмосферага бөлүнгөн көмүртектин 30 пайызга жакынын гана жутуп жатат деп эсептелет. 2023-жылдын жыйынтыгында Энергия боюнча эл аралык агенттик абага бөлүнгөн көмүртектин жылдык көлөмү 37,4 млрд. тоннага чыкканын жарыялаган.
Nature Climate Change деген дагы бир илимий журналда 2021-жылы жарыяланган эсеп менен тыянакка караганда, дүйнөнүн азыр колдо бар токойлору жылына 16 млрд. тонна көмүртекти сиңирет, бирок ошол эле учурда жылына токойлордун кыйылышынан, куурашынан, өрттөлүп кетишинен жана деградациялануусунан улам атмосферага кайра ошол токой кыртыштарында сакталып турган 8 млрд. тоннадан ашуун көмүртек да бөлүнүп чыгат. Башкача айтканда бул изилдөө боюнча дүйнөнүн азыр бар токой ресурсу сиңирип жаткан көмүртектин жылдык таза көлөмү 8 млрд. тоннанын гана тегерегинде.
“Жашыл мурас” жана улуттук милдет
Кыргызстанда соңку үч жылдан бери Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгү жүрүп жатат. Єлкөдөгү быйылкы ысык менен аны коштогон селдер токой аянттарын кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу далидеп, өзгөчө токойдун суу-ну сиңирген гидрологиялык функциясын эске салгандай болду. Бекеринен илимпоздор дарактарды “көп кырлуу суу инженерине” салыштырышпаса керек. Мисалы Европанын Токой институту чыгарган илимий баяндамага караганда, Европада токойлор бир жылдык жамгырдын “орточо көлөмүнүн болжол менен жарымын же 400 миллиметрдейин буулап жиберет”. Бул ар бир чарчы метр жерге түшкөн жамгырдын 400 литри дегендик.
“Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнө жоопкер мамлекеттик мекеме – Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, “Жашыл мурастын” алкагында 2022-жылы 4, 202,34 га жерге 8, 130 217, 2023-жылы 4, 223,48 га жерге 6, 480, 217 көчөт отургузулган.
Ушул эле министрликтин өкүлдөрү медиага берген комментарийлеринде 2024-жылга “8,5 млн. даана көчөт олтургузуу мерчемделгенин, 2030-жылга дейре 90 млн. көчөт тигүү планы бардыгын айтышкан. Расмий санакка караганда, 2022-жылы отургузулган көчөттүн 70%дан ашууну, 2023-жылкынын 60%дан ашууну тамыр алган.
Токой боюнча 2020-2023-жылдардагы экинчи улуттук инвентаризациянын жыйынтыгында даярдалган баяндамада анын авторлору космостон тартылган сүрөттөргө жана алар колдонгон методологияга таянуу менен Кыргызстандын жалпы 1,72 млн. га жакын токой аянттарындагы дарактардын болжолдуу санын 325,7 млн. даана деп эсептешкен.
Бул Кыргызстанда токойдун ар гектарында орточо 190 дарак бар дегендик. Алардын жалпы болжолдуу санын калктын жан башына бөлө келгенде болгону 50 дарактын тегерегинде туура келүүдө, же дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн 300дөн ашуун даракка аздык кылат.
Учурдагы демографиялык болжолдор боюнча, 2050-жылы Кыргызстандын калкы 10 млн. жакындап барат. Ушул мезгилге карата, жан башына өлкөнүн өзүндөгү азыркы болжолдуу жашыл көрсөткүчтү сактоо үчүн эле алдыдагы 25 жылда 175 млн. даана, же жылына үзгүлтүксүз 7 млн. даанадан жаңы дарак тигип, алардын өсүп-өнүшүнө жетишүү талап кылынат экен.
Ал эми жан башына 370 дарак туура келген азыркы дүйнөлүк орточо көрсөткүчтү мындай коёлу, 2050-жылга барып жан башына жок дегенде 100 дарактан болуп, жалпысынан дарак санын 1 млрд. даанага эле жеткирели десек алдыдагы 25 жылда 675 млн., же жылына 27 млн. даанадан көчөт отургузуу менен алардын өсүп-өнүшүн камсыздоо керек.
Бул токой аянттарындагы дарактардын жыштыгы табигый жол менен көбөйгөн же тескерсинче кургап-куурап, суюлуп кеткен учурларды эске албаганда.
Өзү экинчи улуттук инвентарлаштыруунун жыйынтыгы боюнча, жалпы токой делген 1,72 млн. га жакын жашыл аянттын эң чоң бөлүгүн же 555 миң га бадал өскөн аянттар, андан кийинки экинчи чоң бөлүгүн же 484 миң га арча токойлору түзөт экен.
Бирок ошол 555 миң га бадал аянтта болгону 3 млн. 300 миң даана дарак, же гектарына алты даанадан гана дарак турат деп саналган.
Экинчи улуттук инвентарлаштыруу ошондой эле жалпы токой делген 1,72 млн. га жакын аянттын 29%, же дээрлик 500 миң гектарында эрозиянын белгилери, 72%ында же 1 млн. 238 миң га мал жаюудан тийген зыян бардыгын да аныктаган.
Ушунун өзү эле токой менен катар эң ириде жайыттардын туруктуулугун сактоо үчүн өкмөт мал санына тескөө киргизиши, муну эл дагы туура түшүнүүсү зарылдыгын көргөзүүдө.
Кыргызстан элинин саны азыр дүйнө калкынын 0,1%га жакынын, экинчи улуттук инвентарлаштыруунун жыйынтыгына таянсак, өлкөдөгү дарактардын саны дүйнөдөгү дарак санынын 0,01%ын түзүп турат. Эл аралык энергия агенттиги булганыч газдардын бөлүнүшүнүн глобалдык көлөмүндөгү Кыргызстандын үлүшүн 0,03% деп санаган.
Эл аралык валюта кору климаттагы өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу боюнча 2023-жылдын 16-февралындагы баяндамасында Кыргызстан булганыч газдардын кичинекей эле бөлүүчүсү экенине карабай мөңгүлүү тоо ландшафтынан жана айыл чарбасынан улам климаттагы өзгөрүүлөрдүн алдында аярлуу экенин белгилейт.
Бул баяндамада Кыргызстанда температуранын орточо өзгөрүшү дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн азыр эле ашып кеткени жана ысыктын глобалдык орточо көрсөткүчтөн жогорку темптери алдыда да уланышы мүмкүндүгү айтылат.
Андыктан, жогорудагы жагдайларды эске алганда-албаганда деле Кыргызстан үчүн, өлкө аймагын кийинки муундарга таза калтыруу, алар үчүн кам көрүү, эко-системаны, жер кыртышын, суу байлыгын сактоо үчүн алдыдагы 25 жылда улуттук жашыл милдеттин башкыларынын бири – кеминде 500 миллиондон 1 миллиард даанага чейин жаңы көчөт тигип, алардын өсүшүнө жетишүү десек, аша чапкандык болбос.
Албетте, жүз миллиондогон даана жаңы даракты тигүү үчүн Кыргызстан ансыз да аз айыл чарба аянттарын колдоно албайт, эгер дарак тилкелери айыл чарбанын өзүнүн муктаждыгы үчүн эле керек болбосо.
Жүз миллиондогон жаңы дарак, эгер ал улуттук милдетке айланса, азыркы токой аянттарынын суюлуп кеткен бөлүктөрүнө, калктуу конуштардын, айыл-кыштактардын ичине жана айланасына, тоо кыркаларына, бөксө тоолорго, тоо этектериндеги талааларга, инфраструктураны, авто жана темир жолдорду, суу каналдарды, арыктарды, ички жолдорду бойлой, алардын дарак тигүүгө мүмкүндүк берген аймактарына илимий негиздерди эске алуу менен гана отургузулушу керек.
Бул ишке улуу-кичүү, баарыбыздын салым кошуубуз абзел жана улуттук милдетибиз.
Азия менен Европанын дарак көбөйтүү аракеттери
Дүйнөнүн азыркы 4 млрд. га бир аз ашуун токой аянтынын эң чоң бөлүгү же 1,15 млрд. га Орусияны кошуп караганда Европа континентинде, 845 млн. га Түштүк Америкада, 750 млн. га Түндүк жана Борбор Америкада, 625 млн. га Африкада, 595 млн. га Азияда, 175 млн. га Тынч океан ичиндеги аралдарда орун алган.
Коңшу Кытай да токой аянттарын кеңейтүү аракетин жигердүү көрүп жатканы кабарланып келет. Быйыл март айында мамлекеттик “Синьхуа” агенттиги 2023-жылдын жыйынтыгы менен дээрлик 4 млн. га жерге жаңы дарак тигилгенин жазып чыккан. Ал эми Кытайдын Токой жана жайыт боюнча администрациясы өлкөдө дарак тигүүнүн улуттук күнү эсептелген 12-мартта, акыркы он жылда токой 22 млн. га көбөйүп, өлкө аймагынын 24%ына жетип калганын жарыялаган. Ал эми расмий маалыматка караганда, Кытай Эл Республикасы уюшулган 1949-жылы бул көрсөткүч болгону 8,6%ды түзгөн.
Баш кеңсеси Швейцарияда жайгашкан Дүйнөлүк экономикалык форумдун 2022-жылкы жыйынында Кытай өкмөтү алдыдагы он жылда аларда климаттагы өзгөрүүлөргө каршы күрөшүү үчүн “70 млрд. даана дарак олтургузуп, өстүрүү” мүдөөсү бардыгын да билдирген.
Швейцариянын Цюрихтеги федералдык техникалык институтунан (ETH-Zurich) Жан-Франсуа Бастин (Jean-Francois Bastin) баштаган изилдөөчүлөр тобу Science журналындагы 2019-жылы жарыялаган бүтүмүндө Кытайдын жаңы токой тигүүгө мүмкүн болгон аймагын 40,2 млн. га деп аныкташкан.
2050-жылга барып, булганыч газдардан арылган биринчи таза континентке айланабыз деген мүдөө коюп жаткан Евробиримдикте буга чейин кабыл алынган климат мыйзамы жана келишимдерге ылайык, булганыч газдардын абага бөлүнүү көлөмү 2030-жылы 1990-жылкы деңгээлден 55%, 2040-жылы 90% азайышы керек. Бул мүдөө – максатты орундатуу боюнча аракеттердин алкагында 2030-жылга чейин Евробиримдик өлкөлөрүнүн аймагында кошумча 3 млрд. даана даракты экологиянын принциптерин толук сактоо менен отургузуп жана алардын өсүп кетишине жетишүү мерчемделген. Башкача айтканда, Евробиримдиктин азыркы 450 млн. калкынын жан башына бөлө келгенде бир адам үчүн кошумча алты-жети даанадан дарак отургузулушу зарыл. Бул пландын расмий документинде бир гектарга 1500-1000 дарак жайгашат деп жазылганына караганда, 3 млрд. дарак менен Евробиримдикте жашыл зонанын аянты дагы 2-3 млн. га көбөйөт дегендик.
Кошумча дарактарды азыркы токойлордун аймактарында, айыл-чарбанын муктаждыгы үчүн айдоо талааларына, шаарларда жана инфраструктураны бойлой отургузуу пландалган.
2021-жылдагы расмий статистика боюнча Евробиримдиктин аймагында, тал-терек өскөн жерлерди эске албаганда да, 160 млн. га токой аянты бар. Бул Евробиримдиктин жеринин 39%ын токой ээлеп турат дегенди билдирет. Шаркеттин расмий органдары 2000-жылдан бери токой аянттарынын көлөмү бери дегенде 5% же 8 млн. га көбөйдү деп ишендиришет.
Айланма биоэкономика жана анын мааниси
Глобалдык жылуулуктун күчөшүнө жол бербөө жана планетаны сактоо үчүн токой аянттарын көбөйтүү боюнча эл аралык демилге-аракеттер менен катарлаш дүйнөдө жыгачка болгон суроо-талап да өскөнү турат. Мындай шартта токой аянттарын кыйбай, сактап калуунун аргасы кайсы?
Жыгачка суроо-талаптын күчөй турганынын себеби, дүйнөдө калк санынын өсүшү менен бирге шаарлашуу жараянынын тездик менен алга жылуусу. Эсептер боюнча, 2030-жылы саны 8,6 млрд. жете турган дүйнө калкынын 60%ы шаарларда жашап калат. Мунун 5,4 млрд. орто катмардын өкүлдөрү болот, 77%ы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн, 65%ы Азия континентинин үлүшүнө туура келет. Калк санынын өсүүсүнөн жана алардын турмуштук муктаждыгынан келип чыккан суроо-талап 2050-жылга карай плантациялардан жана токойлордон алына турган жыгачтын көлөмүн азыркыдан 3 эсеге көбөйтөт. Ал үчүн дүйнө учурда колдо бар ресурска кошумча 250 млн. гектар токой плантациясына муктаж болот.
Стокгольмдагы конгрессте Швециянын SAIFF токой инвестициялык фондунун төрагасы Мартин Форсен (Martin Forsen) жыгачка болгон суроо-талаптын алдыда өсүүсүн канааттандыруу, ошол эле учурда табигый токойлорду сактоо жана биоэкономиканын шарттарын аткаруу үчүн дүйнөнүн ыңгайлуу аймактарында токой плантацияларын көбөйтүп, аларга негизинен тез өсүүчү дарактарды тигүүнү сунуш кылды.
ªзү айланма же циркулярдуу биоэкономиканын башкы принциби жана фундаменталдык бөлүгү — кайра колдонуу, оңдоо жана кайра иштетүү. Кайра колдонуу, оңдоо жана кайра иштетүүнүн аркасында таштандынын жалпы көлөмү жана алардын айлана-чөйрөгө таасири азаят. Бул өз кезегинде энергияны экономдойт, жер кыртышынын, абанын, суунун булганышын азайтат, айлана-чөйрөгө, климатка, биокөптүрдүүлүккө тие турган зыянды алдын алууга жардам берет.
Токойдун жана токой продукцияларынын глобалдык биоэкономикадагы ролу тууралуу Дүйнөлүк азык-түлүк уюму 2022-жылы атайын концептуалдык баяндама да жарыялаган. Анда көргөзүлгөндөй, учурда адамзат керектөөсүнүн 70%дайы кайра калыбына келбей турган табигый ресурстарга негизделген. Эгер азыркы тенденция өзгөрүлбөстөн улана берсе, эсептөөлөр боюнча, калыбына келбей турган табигый ресурстарды өндүрүүнүн жылдык глобалдык көлөмү 2050-жылы 184 млрд. тоннага чейин жетиши мүмкүн. Бул 2015-жылкы көрсөткүчтөн 100 млрд. тоннага көп дегендик. Калыбына келбей турган табигый ресурстарды мынчалык көлөмдө өндүрүү, ташуу, кайра иштетүү өз кезегинде абага бөлүнүп чыга турган булганыч газдардын көлөмүн кыйла өстүрөт.
Андыктан, токойлор – глобалдык экономиканы биоэкономикага буруудагы маанилүү элемент. Алдыдагы жылдары болсо жыгачтан, адамзаттын керектөөсү үчүн кадимки эле эмес, инновациялык продукциялардын жасалышы да күтүлөт.
Евробиримдикте климат боюнча башкы кеңешчилердин бири, германиялык климатолог жана эколог, Климаттагы өзгөрүүлөр боюнча Потсдам институтунун негиздөөчүсү Ханс Йоахим Шелльнхубер (Hans Joachim Schellnhuber) “Планетаны токойлоштуруп, шаарларды жыгачташтыруу” (Reforest the planet, retimber the cities) деген концепцияны сунуш кылган. Мунун бир багыты курулуш иштеринде жыгачты колдонууну көбөйтүүгө басым жасоо.
Дүйнөгө таанымал бул илимпоз Стокгольмдагы конгрессте сүйлөгөн сєзүндє учурунда адамзат азыркы кылымда глобалдык температуранын көтөрүлүүсүн 1,5-2 градустан ашырбай турукташтыра алса гана, аны индустриалдык доорго чейинки көрсөткүчкө келерки кылымда гана түшүрө алат деген божомолун билдирди. Илимпоз белгилегендей, “200 жылда ысыган аба температурасын муздатуу үчүн кайра 200 жыл керек болот”. Эгер, Кыргызстан аймагында токой аянттары кеңейсе, бул жергиликтүү микроклиматты тескөө менен катар планетаны муздатуу, сактоо боюнча дүйнөлүк орток ишке салым кошкондук. Дүйнөнүн башка аймактарында токойдун көбөйүшүнүн же калыбына келишинин пайдасын Кыргызстан да көрөт.
Улан ЭШМАТОВ,
журналист


