Башкы бетке Рубрикасы жок Кыргыз-Түрк “Манас” университетине жаңы проректор дайындалды

Кыргыз-Түрк “Манас” университетине жаңы проректор дайындалды

0
1207

2024-жылдын 25-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректоратында биринчи проректорлук кызматын тапшыруу аземи болуп өттү. Биринчи проректор, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова кызматын cаясий илимдеринин кандидаты, профессор Алмаз Ибраевге ѳткѳрүп берди.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин катышуусунда өткөн аземде ректор, профессор Алпаслан Жейлан үзүрлүү эмгеги үчүн Бактыгүл Каламбековага ыраазычылык билдирип, анын эмгек жолунда ийгиликтерди каалады. Бактыгүл Каламбекова да бул ардактуу милдетти аткарууга мүмкүнчүлүк берген Камкорчулар кеңешине жана бардык жетекчилерге ыраазычылык билдирди.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары, “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин мүчөсү Расул Абазбек уулунун катышуусунда өткөн аземде ректор, профессор Алпаслан Жейлан жаңы биринчи проректор, cаясий илимдеринин кандидаты, профессор Ибраев Алмаз Орозакуновичке университеттин төш белгисин тагып, ийгиликтерди каалап, жемиштүү кызматташабыз деген үмүтүн билдирди.

Жаңы биринчи проректор, cаясий илимдеринин кандидаты, профессор Алмаз Ибраев мындай маанилүү кызматка дайындалганы ал үчүн сыймык экенин айтып, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ишмердүүлүгүнө салым кошууга кубанычта болорун баса белгиледи.

Мурунку макалаАзия чемпионатында кыргыз спортчулары байгелүү орундарга ээ болушту
Кийинки макалаСадыр Жапаров: «Бир грамм алтын уурдалбайт»

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз