Башкы бетке Коом Муса Жаманбаев Ташкенттеги кыргыздар менен жолукту

Муса Жаманбаев Ташкенттеги кыргыздар менен жолукту

0
504

Кыргызстандын Ѳзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Ташкент облусунун Бостандык районундагы Тепер жана Теке-Жангак айылдагы жергиликтүү кыргыздар менен жолукту. 

Муса Жаманбаев Тепер айылындагы №46 жана Теке-Жангак айылындагы №50 кыргыз мектептеринде болду. Элчи мектептерде жүрүп жаткан окуу жараяны, окуучулар үчүн түзүлгөн шарттар, китепкана жана спорт залы менен таанышты. Мектептерде кыргыз тили жана адабиятын, чет тилдерин жана заманбап предметтерди окутуу маселесине өзгөчө көңул бурду.

Жолугушуунун соңунда элчилик тарабынан Чыңгыз Айтматовдун кыргыз тилиндеги 10 томдук чыгармалары жана башка жазуучулардын көркөм адабий китептери, ошондой эле мектептерге комуз жана спорт каражаттары тапшырылды.

 

Мурунку макалаБалыкчы — Кочкор темир жолунун курулушу уланууда
Кийинки макалаБашкы прокурор КМШнын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча отурумуна катышты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз