Башкы бетке Коом Өлкөдө сүт өндүрүүчүлөргө 130 миң сомдон пайызсыз жана күрөөсүз ссуда берилүүдө

Өлкөдө сүт өндүрүүчүлөргө 130 миң сомдон пайызсыз жана күрөөсүз ссуда берилүүдө

0
192

Өлкөдө сүт өндүрүүчүлөргө 130 миң сомдон пайызсыз жана күрөөсүз ссуда берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин чечими менен ишке ашырылып жаткан долбоор уй сүтүнүн өндүрүмдүүлүгүн, бенефициар фермаларда сүттүн сапатын жогорулатуу максатын көздөйт. Каражаттарды алуу үчүн каалоочулар биргелешкен 4-8 адамдан турган топторго бөлүнүшү зарыл. Фермерлер жана сүт чогултуучулар алган акча каражатына мал же чакан жабдууларды сатып алат.

Долбоорго Ысык-Көл, Талас жана Нарын облустарындагы чакан кошумча сүт фермалары жана чарбалары катышса болот.

Долбоорго катышуу үчүн зарыл болгон талаптар:
— үчтөн ашык эмес уйдун болушу;
— 5 гектардан ашык эмес жердин болушу;
— Насыялык жана карыздык карыздарынын жоктугу;
— Дыйкандын долбоорго катышуусуна каалоосу;
— 10% акча түрүндө кошумча салым төлөө керек.

Мурунку макалаК.Туманбаев: «Аз күндөн кийин «Мурас» комплексиндеги ипотекалык үйлөр өз ээлерине берилет»
Кийинки макалаПарктардан ижарага орун алууга болот

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз