Башкы бетке Коом Ашуулардагы абал айтылды: каттам бар, жолдор ачык

Ашуулардагы абал айтылды: каттам бар, жолдор ачык

0
23

Бүгүн, 9-январда өлкөдөгү ашууларда каттам бар, жолдор ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Кыргызавтожол-Түштүк» жана «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканалары тарабынан жолдордо инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.

Жолчулар атайын нөөмөткө ылайык өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын чачып жатышат.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын айдоочуларды каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.

Мурунку макалаКүрөш боюнча өлкө чемпионаты: Биринчи күндүн жыйынтыгы
Кийинки макалаЫсык-Көлдүн жээгиндеги 392 млн. сомдук жер мамлекетке кайтарылды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз