Башкы бетке Министрлер кабинети Мектеп-интернаттан өрт чыгып, 600дөй адам эвакуацияланды

Мектеп-интернаттан өрт чыгып, 600дөй адам эвакуацияланды

0
1250

Бишкек шаарында алдын-ала маалымат боюнча, Алыкулов көчөсүндө жайгашкан мектеп-интернатынын актовый залынан өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылып, имараттан болжол менен 600дөй адам эвакуацияланып, тилсиз жоо саат 14:25 чектөөгө алынган.

«Бактыга жараша жабыркагандар жок. Такталган маалымат боюнча, актовый залдын чатырынын 50 чарчы метри күйүп, түтүн каптаган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери уланууда.

Мурунку макалаКыргызстанда Улуттук бакубатчылык фонду түзүлөт
Кийинки макалаАКШда биринчи жолу Кыргызстандын этномаданий көргөзмөсү ачылды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз