Башкы бетке Маданият АКШда биринчи жолу Кыргызстандын этномаданий көргөзмөсү ачылды

АКШда биринчи жолу Кыргызстандын этномаданий көргөзмөсү ачылды

0
1703

Чикагодо Кыргызстандын АКШдагы биринчи этномаданий көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Көргөзмөгө кыргыздын кайталангыс маданиятынын жана тарыхынын көп түрдүүлүгүн чагылдырган түрдүү экспонаттар коюлган.

Бул иш-чара Кыргызстандын маданияты менен каада-салттарынын чыныгы майрамына айланып, АКШдагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн да, бардык маданият жана искусство сүйүүчүлөрүнүн да көңүлүн бурду.

Иш-чара Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугунун колдоосу менен «Kyrgyz Community Center» кыргыз коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган.

Башкы консул Болотбек Борбиев бул көргөзмө келечекте АКШдагы жаңы өсүп келе жаткан муун үчүн кыргыз элинин бай маданиятын жана тарыхын даңазалай турган музейге айланарын белгиледи.

Мурунку макалаМектеп-интернаттан өрт чыгып, 600дөй адам эвакуацияланды
Кийинки макалаЫсык-Көлдө күн электр станциясын курууга капсула салынды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз